Бишкекте түн ичинде кызга бычак менен кол салууга аракет кылганга шектүү кармалды

Бишкекте түн ичинде кызга бычак менен кол салууга аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 1977-жылы туулган Д.Ш. аттуу жаран. Ал учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Окуя болгон жерге тинтүү иштери жүргүзүлүп, бычак табылды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 10-апрель күнү Октябрь РИИБине К.Н. аттуу кыз Сухэ-Батор көчөсүндө саат 00:30 чамасында белгисиз жаран бычак менен кол салганын айтып арызданган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан