UFC 261: "13 күн калды". Валентина Шевченко кезектеги беттешине кандай даярдык көрүүдө? (фото)

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына 24-апрелде өтө турган "UFC 261" турнирине даярдык көрүп жаткан сүрөтүн жарыялады.

Бул турнирде Валентина Шевченконун атаандашы бразилиялык мушкер Жессика Андраде болот. Турнир АКШнын Флорида штатынын Жексонвилл шаарындагы "VyStar Veterans Memorial Arena" спорттук аренасында өтөт жана бул беттеште Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт.

2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган. Ал эми Жессика Андраде октябрь айында америкалык мушкер Кэтлин Чукагяндын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан