Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө. №1127 шайлоо тилкесинде шайлоого келген жарандардын кезеги узарып кетти. Анткени добуш кабыл алуу урнасы 10 мүнөткө иштебей калды. Азыркы учурда урна кайрадан калыбына келип, иштеп баштады.
Белгилей кетсек, 28 шаардык кеңеште, 420 айылдык кеңештерге шайлоо болууда.