Кечээ, 10-апрелде Кыргыз Премьер-Лигасынын 5-турдук оюнунун алкагында "Кара-Балта" командасы менен Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы Кант шаарындагы "Спорт Сити" стадионунда кез келип, оюн 1:2 эсебинде "Нефчти" командасынын жеңиши менен аяктады.
Бул оюнда эки команданын оюнчулары "Аялдарга карата зомбулукка каршы" ураанынын астында беттерине кызыл сызык менен чыгышты.
Бул акция Кыргыз Премьер-Лигасынын клубдарынын, Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын жана Кыргызстандын профессионалдык футбол лигасынын оюнчуларынын аялдарга карата зомбулукка каршы кызыл кагазын билдирет.
"Кара-Балта" - "Нефтчи" (1:2);
Голдор: Семетей Данияров (44-м), Станислав Геращенко (51-м), Арген Жуматаев (63-м).