16-октябрда Ноокат районунун Келин-Басты ашуусунда Кызыл-Кыя шаарын көздөй бара жаткан күйүүчү май ташыган ЗиЛ-130 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жардан кулап кетти. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. ӨКМнын куткаруучулары айдоочу, Кызыл-Кыя шаарынын 1988-жылы туулган Чыңгыз Үсөновго жана жүргүнчү, Ноокат районунун 1992-жылы туулган Н.Саматовага алгачкы медициналык жардам көрсөтүшү. Жабырлануучулар учурда Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында.