Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпиондугу: Командалык беттештерде Түштүк Корея биринчи орунду ээледи

9-апрелде "Газпром-балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын алкагында командалык беттештер өттү.
Командалык беттештердин жыйынтыгы:
1-орун – Түштүк Корея;
2-орун – Казакстан;
3-орун – Өзбекстан.
Белгилей кетсек, чемпиондук 6-9-апрель күндөрү Бишкек шаарында болуп өттү. Мелдешке 28 өлкөдөн 195 спортчу катышты. Кыргыз курамасында 17 дзюдочу катышып, курамалардын жалпы жыйынтыгында 5-орунду ээледи. Жалпы медалдардын саны боюнча 1-орунга Түштүк Корея, 2-орунга Өзбекстан, 3-орунга Кытай жана 4-орунга Япония чыкты.
Азия жана Океания чемпиондугу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясы менен биргеликте өткөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан