Бишкекте алты тилкедеги көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов "Жалпы иш" коомдук фонду жана "Республика" партиясынын кайрылуусунун негизинде Бишкектин алты участкасында көчмө шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын маалыматына ылайык, №8 муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Маматов көчмө шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууларды иликтөө дагы деле уланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, 236 добуш жокко чыгарылган. Бишкек шаары боюнча көчмө добуш берүүгө 4 990 арыз берилген, алардын ичинен 4 001 шайлоочу ушундай ыкма менен добуш бергени маалымдалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
OMURBEK.
2021-04-11 17:20:55
Эч онолбойт экенбиз да кусбуруш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан