Кыргыз альпинисти дүйнөдөгү эң бийик чоку - Эверестке чыгууну пландап жатат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Аскарбеков кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, Аскарбеков Мамагенттиктин атынан альпинистке жаңы бийиктиктерди ийгиликтүү багындырып, аман-эсен кайтып келишин каалады.
Кубатов эл аралык экспедициянын курамында дүйнөдөгү эң бийик чоку болгон Эверестке чыгууну пландаштырууда (8848,8 метр, Непал). Экспедиция 12-апрелде легендарлуу орус альпинисти Александр Абрамовдун жетекчилиги астында башталып, 2021-жылдын май айынын аягына чейин уланат. Чыгуу Непалдан түштүк жолу менен пландаштырылууда. Экспедициянын курамына Орусия Федерациясынын, Израилдин, Малайзиянын, Өзбекстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбалуу жана күчтүү альпинисттери кирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан