Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештери башталат.
Бүгүнкү беттеште эркин күрөш боюнча Олимпиадага жолдомолор ойнотулат. Турнирге 57 килограмм салмакта катыша турчу япониялык күчтүү делинген балбан, "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, 25 жаштагы Рэй Хигучи салмактан өтпөй калды. Ал өз салмак категориясынан болгону 100 грамм ашып кеткен.
Бул салмак категорияда Кыргыз өлкөсүнүн атынан Бекболот Мырзаназар уулу килемге чыгат.