Чүйдүн Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүндө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу телефон чалуу болгон. Ыкчам тергөө тобу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен дене жаракаттары менен эркек кишинин жансыз денесин табышкан.
Териштирүү учурунда маркум 34 жаштагы Х.И. аттуу жаран болгону аныкталды. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү ишинде шектүү катары маркумдун 27 жаштагы М.Ф. аттуу аялы кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум мас абалында аялы менен уруша кеткен. Ачуу арасында аялы аны балка менен башына чапкан. Каргашалуу окуядан соң аялы далил буюмдарды каналга ыргытып, өзү туугандарынын үйүнө кетип калган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.