Алматы: Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашын жеңди

Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.

Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүндө түркмөнстандык Керим Ходжаков менен кез келди. Бири-бирине төп келген эки балбан кызыктуу беттеш тартуулап, жыйынтыгында кыргыз балбаны 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Учурда турнир уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан