Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта катышкан Айаал Лазарев алгачкы жүрүшүндө монголиялык балбан менен кез келди. Кыргыз балбаны канчалык аракет кылбасын каршылашы күчтүү болуп, 8:2 эсебинде жеңилип калды.
Учурда турнир уланууда.