Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 97 килограмм салмакта катышкан Сымбат Сулайманов кытайлык Авусайман Хабила менен кез келди. Эки балбан мыкты беттеш тартуулап, жыйынтыгында кыргыз балбаны 5:0 эсебинде жеңишке жетти.
Сымбат Сулайманов быйыл январь айында өткөн өлкө чемпиондугунда 97 килограмм салмакта чемпион аталган.