Ош ШИИБи: "Дагы бир добуш сатып алуу аракети катталды"

Ош шаарында дагы бир добуш сатып алуу аракети катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 10-апрель күнү саат 19:07 чамасында Ош шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо, Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө бир партиянын үгүттөөчүлөрү тарабынан добуш сатып алууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бул факты боюнча чогултулган иш кагаздар сотко чейинки өндүрүш ишине катталып тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Тергөө учурунда 1944-жылы туулган Д.С. аттуу күбө катары суралып, ал өз көрсөтмөсүндө "шаардагы Кара-Суу көчөсүндөгү үйдүн домкому мага үйдүн алдында жолугуп, 1000 сом акча каражатын берип, бюллетендеги турган бир партиянын атын атап, ошол партияны шайлайсыз" деген көрсөтмөсүн берген. Алган акчасын тергөө кызматкерлерине кайтарып берген.
Териштирүүдө домком саясий бир партиянын үгүттөөчүсү экендигин, бирок тургунга миң сом акча каражатын бербегендигин, добуш сатып алууга аракет кылбагандыгын билдирген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө аракеттери уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан