"Ош шаарында бир партия акча таратып жатат" деген маалымат текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Маалымат каражатынын билдирүүсүнө таянсак, ал жерде бир партиянын өкүлү акча таратып жатыптыр. Бул видеону баарыбыз көрдүк. Бул бирдиктүү реестрге катталды. Тиешелүү иш-аракеттер Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Экинчи видеодо Бишкек шаарындагы №1054 шайлоо тилкеси тарабынан таштандыдан бюллетендер табылган. Күнөөлүүлөр аныкталып, аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", - дейт ал.