Баткенде 2 суткадан бери күйүп жаткан шахтадан өрт өчүрүлдү
15-октябрь күнү Баткен районунун Самаркандек айылындагы "Эркин-Кен" ишканасына караштуу шахтадан өрт чыккан. Өрт бүгүн, 17-октябрда саат 12:00 чамасында өчүрүлдү. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан башчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Өрттү өчүрүүгө аталган министрликтин Сүлүктү шаарындагы куткаруучулары тартылды. Бекилов башында өрт чыккан шахта Сүлүктү шаарынын аймагында жайгашкандыгы тууралуу министрликтен туура эмес маалымат берилип калганын да кошумчалады.