Бүгүн, 11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө.
Бул турнирге 74 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Эламан Догдурбек уулу жарым финалга чейин жетип, анда өзбекстандык күчтүү делинген Бекзод Абдурахманов менен кез келет.
31 жаштагы тажрыйбалуу балбан Бекзод Абдурахманов эки жолку Азия оюндарынын чемпиону ("Инчхон-2014", "Жакарта-2018"), эки жолку Азия чемпиону ("Доха-2015" жана "Нью-Дели-2017"), "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Дүйнө чемпиондугунда эки жолу коло медаль уткан ("Ташкент-2014" жана "Будапешт-2018").