Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештеринин жарым финалы Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 57 килограмм салмак ченинде катышкан Бекболот Мырзаназар уулу жарым финалда күчтүү делинген өзбекстандык балбан Гуломжон Абуллаев менен кез келди. Бул беттеште өзбек балбаны мыкты болуп, 4:6 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Бекболот Мырзаназар уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.