Алматы: Эламан Догдурбек уулу жарым финалда күчтүү атаандашына жеңилип калды

Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештеринин жарым финалы Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды.

Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 74 килограмм салмак ченинде катышкан Эламан Догдурбек уулу жарым финалда өзбекстандык күчтүү делинген Бекзод Абдурахманов менен кез келди. Бул беттеште өзбек балбаны мыкты болуп, 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Эламан Догдурбек уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан