"Менде айтылчу сөздөр көп" дейт Сооронбай Жээнбеков

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы №1327 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Тандоо жасагандан кийин Сооронбай Жээнбеков коомчулукта, журналисттерде ага карата суроолор көп экендигин айты.

"Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчү сөздөр көп. Бирок азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт", - деди ал.

"Жеке мен тууралуу эмне дешсе да көтөрөм, чыдайм. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, эл биримдиги мен үчүн баарынан кымбат. Дүйнөдө, биздин мамлекетте коронавируска байланыштуу экономикалык абал жеңил эмес. Дагы башка маселелер көп. Мамлекет жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан баарыбыз тең азыр саясатты азайтып, жаратмандыкка басым жасашыбыз керек. Менин унчукпай келаткандыгымдын негизги себеби – ушул. Буюрса, сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр болот", - деп жыйынтыктады экс-президент.

Сөзүнүн соңунда Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин алдыдагы Орозо айы менен куттуктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zam81
2021-04-11 14:59:11
Кылгылыкты кылып алып журо бергиле нени айтмак элен эл билет
-11
Aidan_Ek
2021-04-11 15:17:17
zam81,Жанында кошо кылгандай айтасын го.
+4
Agayu
2021-04-11 15:41:45
Аша Акаевди алдады: Чынгыз Айтматовду алдады : Соке жайлады. Аша болгондо дагы деле Каша кылмак.
+14
momun74
2021-04-11 16:10:29
Кетсин кетсин деп атып кетирдинер жыргал жашоо келдиби баары кымбаттап беттер болуп атабыз
+3
Agayu
2021-04-11 18:17:06
momun74,Баардык мамлекетте болтат Кымбатчылык
-5
NURSAPAR
2021-04-11 23:11:30
Негизи сабырдуу инсан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан