Казакстанда 14 жыл мурун адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

14 жыл мурун Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн кыргыз жараны Казакстандын Караганды облусунан кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматтар боюнча, 16-октябрь күнү Бухар-Жыраус районунун Нура станциясында полиция тарабынан 52 жаштагы кыргыз жараны колго түштү. Ал "1999-жылы Бишкекте Чоң-Арык айылында 40-45 жаштагы Володя аттуу жаранды сабап өлтүргөн" деп айыпталууда. Кармалган жаран жакын арада кыргыз тарапка өткөрүлүп берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан