Бүгүн, 11-апрелде 28 шаардык кеңеште, 420 айылдык кеңештерге шайлоо жана референдум болуп өттү. Кыргыз өлкөсүнүн ички иштер министри Улан Ниязбеков брифингде шайлоо учурунда олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди.
“Шайлоонун жүрүшүндө коомдук жайларда, көчөлөрдө жана башка Кыргыз өлкөсүнүн аймагында өтө оор кылмыштар катталган жок. Жарандарыбыз өз активдүүлүгүн көрсөтүп жалпы тартиптин талаптарын сакташты. Шайлоого байланыштуу 5-апрелден баштап ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлүп, элдин коопсуздугун 11 миңден ашык кызматкер камсыздады.
Анын ичинен 2 миң 435 шайлоо тилкелеринде 5 миң 300дөн ашык кызматкер күнү-түнү коопсуздукту сактап турушту. Ар түрдүү окуяларга бөгөт коюу максатында 510дон ашык автоунаа менен жылып жүрүүчү атайын кайгуулдар уюштурулуп, 102 телефонуна келип түшкөн кайрылууларга тейлөө көрсөтүлдү. Азыркы учурда жалпы республика боюнча коомдук-саясий абал туруктуу”, - деди Ниязбеков.