Аксыда көз жарган окуучу кыздын окуясынын чоо-жайы: Кылмышка кыздын таякеси шектелүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көз жарган окуучунун окуясы боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурсултан Курманбеков буларды билдирди.

"Тергөөнүн жүрүшүндө төрөгөн кыз 2020-жылдын июнь айында Аксы районунун Кара-Суу айылындагы Жаанбай-Сай жайлоосунда бир тууган таякеси ага күч колдонуп, жыныстык катнашта болгонун, андан кийин бул ишин дагы кылганын айтып жатат.

Баарыбызга белгилүү болгондой, ымыркайдын атасы дагы апасы дагы социалдык коргоого муктаж. Азыр алардын үстүнөн кызматкерлер тынымсыз иштеп жатышат. Азыркы учурда жашы жете элек кыз менен анын наристесинин абалы туруктуу.

Төрөгөн кыз үй-бүлөдө 7 бир тууган. Ал үй-бүлөдө экинчи бала. Бул үй-бүлө Аксы райондук эмгек жана социалдык башкармалык тарабынан көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлө болуп каттоодо турат. Алардын 7 баласына көмөк пул чегерилген.

Учурда кыздын наристесине күбөлүк берилип, ага жалгыз бой эне деп жазылды. Ошондой эле наристеге 6 айга чейин таенеси камкордук кылат. Андан кийин дагы абалды карап көрөбүз.

Төрөгөн кыздын апасы дагы февраль айында көз жарган. Ал эми шектелип жаткан бала кыздын энесинин эң кичүү иниси. Ал азыр күнөөнү моюнга албай жатат. Учурда аны менен психологдор иштеп жатышат. Ал баланын үй-бүлөсү жакшы турган жана жакшы окуган бала.

Кыз жөнүндө айтсак, ал мектепти жакшы окуган. Анын коңшулары, жада калса ата-энеси дагы кыздын кош бойлуу экенин байкаган эмес. Мектепке барганда ал күрмөсүн чечпей отургандыктан, мугалимдер дагы байкаган эмес", - деп билдирет Нурсултан Курманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pankration_MMA
2021-04-12 11:52:25
ДНК ларын текшере койсоңор чыгатта, ишти созуп мойнуна алды, албады деп жүрө бербей!
+9
nazira...
2021-04-12 12:26:42
Ошто чыгарат ДНКны. 25мин сом дешти эле, азыр арзандап калгандыр.
+5
Nina.alex
2021-04-12 13:05:32
Таекеси жайлоодо зордуктаса,мектептин директору неге иштен алынды? ?
+10
nazira...
2021-04-12 13:17:35
Nina.alex,алар өздөрү жазып чыгышкан. Жазбай эле коюшса болмок эле, районосу да зорго турган да, өзүнүн адамын койду да.
+4
Luna7
2021-04-12 13:31:59
nazira...,жоок өздөрү жазган эмес,жогору жактан болгон ,бизде болгон,10 класста окуган кыз турмушка чыккан,анан директор м-н соц.педагаг алынган жумуштан, как будто алар куйоого зордоп бергендей
+2
Tatu_8889
2021-04-12 17:47:48
Днк ,хорион биопсии анализ тапшырдык москвада,5395р болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан