Апасына болушкан. Ак-Ордодо 16 жаштагы өспүрүм өгөй атасын бычак менен сайып жиберди

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 16 жаштагы өспүрүм бала апасын урганы үчүн ага болушуп, өгөй атасын бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында 102 кызматына Улуттук хирургия борборуна бычактан жаракат алган жаран келип түшкөнү тууралуу маалымат келген.

"Такталгандай, 11-апрелде Ак-Ордо конушундагы турак үйдүн ичинен 2004-жылы туулган М.Т. аттуу өспүрүм апасына кол көтөргөнү үчүн ачууланып, өгөй атасынын көкүрөгүнө, курсагына жана сол ийнине бычак менен сайганы аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене ("ден соолукка оор зыян келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш изи сууй электе туугандарынын үйүндө жүргөн жеринен 16 жаштагы бала кармалып, тергөө камагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
portugalia
2021-04-12 12:33:10
Байкуш баланы ошого жеткирсе керек да тиги шумшук
+10
nazira...
2021-04-12 13:24:57
Жаман да мындай иш. 2,3 жолу сайып жибериптир да, эми эмне болот экен десен, кап, балага жалко.
+5
JaneEr
2021-04-12 14:03:35
Баланы камабагылачы...
+6
Nursultan.92
2021-04-12 18:42:40
Энесин коргогон бала экен ээр журок
+3
adanov
2021-04-12 22:39:50
Апасына болушайын десе алы жетпесе айласы кеткенде сайды да. Кудай сактасын менин да апамды бирөө урсун өлтүрүп деле койгонго барсам керек энемди бирөө урганын элестете албайм.тиги бала эр экен энесин коргоп азаматсын энесине мээрими бар жигит экенсин эненди коргогонун үчүн сага рахмат айтам иним
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан