53 миң доллар акчасын ээлеп алган. Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү жаран 2 жылдан кийин кармалды

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-февраль күнү Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылы декабрь айында А.И аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, Land Cruiser-200 үлгүсүндөгү унаа берем деп алдап, 53 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, аталган кылмыш ишин жасаган деген шек менен 1980-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда аталган жарандын дагы башка кылмыш ишине тиешеси бар же жогун аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалашты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан