Чүй облусунун Сокулук районунда эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу кичинекей унаанын айдоочусу жеринде каза болгон.
"Эки унаанын сүзүшүүсүнүн кесепетинен Лаво үлгүсүндөгу унаанын айдоочусу каза болду. Анын аты-жөнү, жашы жана кайсы жактын тургуну экендиги аныктала элек. Жеринде Сокулук РИИБинин ыкчам тергөө кызматы иш алып барууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.