ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: Авиация жана космонавтиканын бүткүл дүйнөлүк күнү

Юрий Гагариндин 1961-жылдын 12-апрелинде адамзат тарыхында биринчи жолу космоско учушуна байланыштуу бул күн Авиация жана космонавтиканын бүткүл дүйнөлүк майрамы катары белгиленип калган.

Юрий Гагарин "Восток" космос кемеси менен биринчи жолу жер шаарын айлана учуу менен башкарып учуучу космос дооруна чыйыр салган. Гагарин башкарган "Восток" космос кемеси "Байконур" космодромунан учуп, космонавт космос мейкиндигинде 108 мүнөт өткөргөн. СССР Жогорку Кеңешинин 1962-жылдын 9-апрель күнкү жарлыгына жараша 12-апрель Авиация жана космонавтика күнү катары кабыл алынган. Ал эми 1968-жылы Эл аралык авиация федерациясынын конференциясында эл аралык макамына ээ болгон.
2011-жылдын 7-апрелинде БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Орусиянын демилгеси менен "Адамдын космоско учуп чыккан эл аралык күнү" деген аталышка да ээ болгон.
12-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан