Унаалардын катализаторлорун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуунун, ошондой эле аларды Европа өлкөлөрүнө экспорттоонун белгиленген схемасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ушул жылдын 23-февралында Литва Республикасына автомобилдик катализаторлорду экспорттоо учурунда салмагы 2 тоннага жакын контрабандалык жүк алынган.
Мындан сырткары 2021-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарындагы автомобилдик катализаторлорду чогултуп жана сатып алып жүргөндөр боюнча 12 пункттун иши табылган, ал жакта чет өлкөлөргө жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана автомобиль катализаторлору алынды", - деп жазылат билдирүүдө.
УКМК учурда унаа катализаторлорунун текшерүүсүз сатып алынышын жана экспорттолушун кыскартуу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында, мамлекеттик кызматкерлердин ушул коррупциялык схемага катышы бардыгын аныктоо боюнча керектүү комплексттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, милдеттендирилген техникалык кароону жойгондон кийин, тейлөө бекеттериндеги катализаторлорду массалык түрдө алып салуу, аларды кийинчерээк чет өлкөлөргө сатуу тенденциясы өсүүдө. Анткени катализаторлор (платина, палладий жана родий) баалуу металлдарды камтыйт жана эбегейсиз киреше алып келет.
Учурда ыйгарым укуктуу органдары тарабынан унаа катализаторлорун экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселелери каралып жатат.