Оштогу алты партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, митингге чыгышты (видео)

Бүгүн, 12-апрелде Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын айткан партиялар митинг уюштуруп жатышат.

Аталган алты партия "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуу Журт" жана "Бир Бол" партиялары.

Нааразы болуп топтолгон тараптар шайлоо таза эмес өткөнүн жүйөө келтиришип, буга тиешелүү органдар чара көрбөгөнүнө нааразы болушууда.

Алар алдыга оозуп чыккан партияларды административдик ресурс колдонгон деп эсептешет.

Алдын ала жыйынтык боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн. Анда атаандаштарын "Ата-Журт Кыргызстан", "Улуттар биримдиги", "Ыйман Нуру" жана "Ынтымак" партиялары артка калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aslan_akjol89
2021-04-12 14:09:12
Ата журт Кыргызстан конечно отот да,таза эмеееес
+10
Mashyrbek
2021-04-12 14:12:13
Ата журт Кыргызстан алга
-6
Scorpion_09
2021-04-12 14:14:31
Тажатышты го ,эки күндүн бирин ,митинг кылып ...
-3
Simels
2021-04-12 14:18:47
Утулганды билгиле да! Тарап кеткиле жинге тийбей!
0
NURSAPAR
2021-04-12 14:34:09
Улуттар биримдиги өтсө да митингдеби?
-2
Sezimim...
2021-04-12 14:52:50
Бирин олуп бирин кал... Бул партиялардын тазасы бар экенине да ишенбейм.
+7
duiusheev
2021-04-12 15:49:56
Жеңилгенди да билгиле, улуттар биримдигинин, бир болсун, ынтымактын,ата журт Кыргызстандын акча таркаткан сүрөттөрү жана видео лору бар. Өздөрүнчө таза адам боло беришпесин
-2
nazira...
2021-04-12 16:32:08
Бардык нерсе кымбат, ар бир үйдө 3,4төн ашык шайлоочу жашайт, акча керек да баарына. Азыр күнүмдүк жашоону эле ойлошот, эртенкини ойлогон адам аз. Башкача айтканда ишеним жок, булар деле чимкирик болушат да.
+5
Rusi79
2021-04-12 17:03:41
Жок кылыш керек болуп калды бул партиялык системаны, кыргыздарга такыр башкача система керек илгеркиге окшоп талапкерлерди отургузуп алдына табак коюп тандаганындын астына таш таштап.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан