Бишкекте 16 жаштагы Назик Уланова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
11-апрель күнү Бишкектин Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Б.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 16 жаштагы кызы Назик Уланова дайынсыз болуп жатканын жазган. Анда 7-апрель күнү саат 15:30 чамасында кызы Бишкектеги үйүнөн чыгып, ошол боюнча кайра кайтып келбегенин билдирген.
Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы кыска, оң бутунда тагы бар.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү күрмө, кара футболка, көк түстөгү жынсы шым, ак түстөгү кроссовка кийип жүргөн.
Кимде ким сүрөттөгү кызды көргөн, билген болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 жана 102.