
Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү
Радион Хрипченко 7-11-апрель күндөрү (1-этап) жана 15-18-апрель күндөрү (2-этап) София шаарында өтө турган рейтингдик Дүйнө Кубогуна катышат.
Маалыматка ылайык, спортчуну башкы машыктыруучусу Виктор Мальцев коштоп барат.
Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 3-апрелден 19-апрелге чейин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан София шаарына жөнөтүлдү.