
Спорттук дарыгерлер "Токиого чейин 100 күн" эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышат. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-16-апрель күндөрү Беларусь өлкөсүнүн Минск шаарында өтө турган "Токиого чейин 100 күн" эл аралык илимий-практикалык конференциясына Спорттук-реабилитациялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Бактыгүл Алишева жана аталган борбордун спорттук медицина бөлүмүнүн башчысы Иса Бичанов катышат.
Конференция XXXII Олимпиада оюндарына спортчуларды даярдоо боюнча актуалдуу маселелерине арналат.