Ак-Буура дарыясынын жээгинен 31 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Окуянын чоо-жайы

Ош облусунун Кара-Суу районунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-апрель күнү саат 13:50 чамасында милицияга Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасынын Ак-Буура дарыясынын жээгинде 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

"Аталган факты өлүктү табуу белгиси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталган. Кылмыш иши боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жансыз дененин аты-жөнүн тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Озгур айылынын 31 жаштагы тургуну экендиги такталган. Ал 2017-жылдан баштап психикалык жактан ооруп каттоодо тургандыгы, акыркы учурларда ага көңүл буруп караган адамдарынын жоктугунан өз учурунда дарыланбай калгандыгы белгилүү болгон. Ал 1990-жылы Ош шаарында туулган, апасы каза болгон, атасы 66 жаштагы пенсионер. Үй-бүлөсү жок. Атасы менен бирге жашап келген", - деп билдиришти Ош ОИИБинин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан