Бишкек шаарында бир апта ичинде 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 2-апрелден 8-апрелге чейин Бишкек шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаруу - 67;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 99;
- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар - 110;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 5351.
- 427 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.