Кайрадан ала качуу. Чүйдө 17 жаштагы кызды ала качканга шектелип 3 жаран кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда кыз ала качууга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Дөбө айылынын жашоочусу кайрылып, анын жашы жете элек 2003-жылы туулган кызын белгисиз балдар никеге туруу максатында ала качып кетишкенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББинин жана Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы окуяга шектелип 1999-жылы туулган С.А., С.М. жана 1998-жылы туулган Ш.Б. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган кыз ата-энесине кайтарылып берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baatirbek81
2021-04-12 16:06:04
Ушул сакал койсо өздөрүн акылдуу сезишеби
Же чёрный сезишеби!
+8
nazira...
2021-04-12 16:21:10
Сакал пакалынар менен, силердин. Азыркы жаштарга баарибир экен да тооба. Ата энесине эле кыйын да, эми бечаралар чуркашат биринен экинчисине, силер үчүн канча акчасы кетет эми билесинерби. Ошо акчага жакшына кылып эле куда түшүп, алдына барып аял алсан болот эле го, апанардын канча нервин кетирдинер.
+11
Arianushka
2021-04-12 16:38:49
Алсыз эркектер кобойду.
+8
Jibakana
2021-04-12 17:42:34
Ушу кок мээлерге соз жетпейт экен го ала качуу кылмыш деп какшаса да мээлерге жетпейт,бул тупойлорго катуу эле чара коруш керек го
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан