Биз социалдык тармакта

Бишкекте 20 жаштагы кызды жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Чортеков көчөсүнөн жөө адамды сүзүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2001-жылы туулган Н.Б. аттуу кызды белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаанын 1963-жылы туулган айдоочусун кармап, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alym21
2021-04-13 09:25:43
Чон эле киши экенсин,токтоп жардам корсотпойсунбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан