Кечээ, 12-апрелде интернет желесине кичинекей баланы эркек киши катуу сабап жаткан видео тараган.
ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бул окуя февраль айында болгон.
"Бул тууралуу учурунда элге ачык маалыматтар берилген, видеосу социалдык тармактарга эми тарап жатат", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин февраль айында Чүйдүн Ысык-Ата районунда 4 жашар бала өгөй атасы тарабынан сабалган.
Анда 23-февраль күнү Ысык-Ата РИИБине Узун-Кыр айылынын тургуну кайрылып жарандык никеде жашаган күйөөсү 22-февраль күнү биринчи никеден төрөлгөн 2016-жылы туулган баласын сабалганын айтып арызданган.
Милиция кызматкерлери арыз ээсин суракка алышканда, ал жолдошу менен телефон аркылуу уруша кеткенден кийин ага билдирүү келип түшкөнүн, анда баласы сабалган видео болгонун айтып берген. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалган.
Тергөөдө шектүү менен жабырлануучу келин 2016-жылдан бери жарандык никеде жашап, 2016-жылы жана 2018-жылы туулган эки баланы тарбиялап келе жатышкан. Алардын бири келиндин мурунку жолдошунан.
Кечээ, 12-апрелде бул факты тергелип бүтүп, соттук кароого жиберилгени маалым болду.