Баткен облусунун Лейлек районунун С.Н. аттуу тургунунун башкаруусунда бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы токтотулган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продукция табылган.
Такталган маалымат боюнча, аталган контрабандалык жүк Кыргыз Республикасынын аймагына коңшу республикадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан киргендиги аныкталган.
"Коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу, кармалган контрабандалык жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө максатында унаа “Баткен” бажы терминалына киргизилди.
Чогултулган материалдар "Баткен" бажысынын маалымат жөнүндөгү журналына катталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Тергөө иштери жүрүп жатат.