Прокурордук текшерүү учурунда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан 80 гектар жайыт жердин жеке тараптарга турак жай куруу үчүн менчикке берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилеп кетүүчү жагдай, жогорудагы айыл өкмөтү тарабынан жайыт жер 615 тилкеге бөлүнүп, алардын көпчүлүгүнө жарандар тарабынан жерге карата менчик тууралуу мамлекеттик актылар дагы алынып калган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн чечимдерин жана менчик тууралуу укук таануучу документтерди жокко чыгаруу боюнча Баткен облустук административдик сотуна доо арыздар киргизилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.