Флорентино Перес автоматтык түрдө "Реал Мадриддин" президенттигине шайланды, анткени ал шайлоого катышуу үчүн арыз берген жалгыз талапкер болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Перес жалгыз талапкер болгондуктан добуш берүү талап кылынган жок.
Менеджер "Реал Мадрид" клубун 2021-2025-жылдар аралыгында жетектейт. Ал 124 миллион еврону Реалга (клубдун бюджетине 15 пайыз) түшүшүнө кепилдик берген бирден-бир кызматкер.