Кикбоксинг боюнча спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди

8-11-апрель күндөрү Анталия шаарында өткөн "Turkish Open Kickboxing European Cup" 6 эл аралык мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн кикбоксинг боюнча спортчулары 4 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин алтын медалын Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө Кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана юниорлор арасында 51 килограммга чейинки салмактык категорияда Марат Мусаев тагынды. Ал эми коло байгенин ээси болуп Ахрор Розбаев таанылды.
Белгилей кетсек, мелдешке 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан