Бүгүн, 13-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.
Бул турнирде Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргогон кыргыз балбаны Атабек Азисбеков алгачкы атаандашын жеңип, турнирдин чейрек финалына жолдомо алды. Ал алгачкы беттешинде түркмөнстандык Шагелди Аннаев менен кез келип, атаандашын биринчи бөлүктө эле 9:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Атабек Азисбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо уткан балбандардын бири. Ал жолдомону 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алган.