Сокулукта 33 жаштагы жаран "2 өгөй кызына жыныстык аракеттерди жасады" деп айыпталууда

Сокулук районундагы Шопоков шаарынын 33 жаштагы тургуну "бойго жете элек 2 өгөй кызына жыныстык аракеттерди жасады" деп айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 14-октябрь күнү милицияга Шопоков шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, ал аял 10-13-октябрь күндөрү өзү үйүндө жок учурда жарандык никеде жашаган күйөөсү 2003 жана 2005-жылы туулган кыздарына жыныстык маанайдагы аракеттерди жасаганын айткан. Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган шектүү жаранды кармашты. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факты боюнча соттук-медициналык жана соттук-психикалык экспертиза дайындалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mayoral
2013-10-17 13:26:52
Ой эки буттуу айбаа-а-н!!!!
0
Aziz_aka
2013-10-17 14:58:58
Эми озуно Жыныстык катнаш Жасайтта Абакта Пахандар
0
nuri82
2013-10-17 15:00:50
энесинде да куноо бар,карышкырга кой кайтартып.Атууга кетирсе зордуктагандарды,олкодо кичине тартип болот эле.
0
ma4ak
2013-10-17 15:22:41
Ушуларды укканда чочосун так тубунон кесип,оздорун атып салгым келет акмактарды. Буларды кандай жазаласанда аздык кылат.
+1
nurmat.kg
2013-10-17 21:07:29
кобунчо ушундай зордуктого арекет кылгандарды Сокулук районунан деп коп окумай болдук, эмне сокулукта эркектердин козу бозоруп калганбы?
0
munar85
2013-10-18 10:23:02
андай адамдарды атууга окум кылыш керек а балким ал аял ушундай жол менен куйосун уйдон чыгарып анын мулкуно ээлик кылгысы келип жаткандыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан