Кечээ, 12-апрель күнү кечки саат 21:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кыз ала качуу фактысы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром айылында болгон.
"Анда 2003-жылы туулган кызды үйүнүн алдынан сырттан тааныш болгон бала үч досу менен биргеликте күч колдонуп, Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаага салып, никеге туруу максатында ала качышкан. Жолдо кетип бара жатышып Жалал-Абад шаарынын Дача участкасына жеткенде, кыздан "турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?" деп сурашып, кыздын каршылыгынан улам унаадан түшүрүп коюп, белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене "адамды никеге туруу максатында уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.