Бүгүн, 13-апрелден 14-апрелге караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын жооптук оюндары өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/4 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "ПСЖ" (Франция) - "Бавария" (Германия);
"Парк дэ Пранс" стадиону (Париж шаары, Франция);
Башкы калыс: Даниэле Орсато (Италия).
Бул эки команданын алгачкы беттеши 8-апрелде Мюнхен шаарында өтүп, 2:3 эсебинде "ПСЖ" командасынын жеңиши менен аяктаган.
"Челси" (Англия) - "Порту" (Португалия);
"Рамон Санчес Писхуан" стадиону (Севилья шаары, Испания).
Башкы калыс: Клема́н Тюрпен (Франция).
Бул эки команданын алгачкы беттеши дагы 8-апрелде Порту шаарында өтүп, 0:2 эсебинде "Челси" командасынын жеңиши менен аяктаган.
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.