"Жашооңдун акыркы күндөрү менен ырахат алып ал" деди бийчи Бакыт Макеев ырчы Кудайберди Айтбосуновго

Интернет айдыңында көп талкуу жаратып жаткан ырчы Кудайберди Айбосунов менен бийчи Бакыт Макеев кечээ, 12-апрелде борбор калаабыздагы ресторандардын биринде маалымат жыйын өткөрүштү.

Эки мырзанын ортосундагы чыр башында белгисиз болуп, көпчүлүктү кызыктырып жаткан. Кечеде айтылган маалымат боюнча Кудайберди Айтбосунов бийчиге жарнамага тартылуу үчүн акча сунуштаган. Макул болгон бийчи көп күн өтпөй кайра баш тартканын айтат. Себеби башкалар ага көбүрөөк акча сунуштаган болот. Ырчы жана бийчинин ортосундагы пикир-келишпестик интернетке тарагандан кийин катталуучулар эки бөлүп беттеш болуусуна түрткү болот.

Эске салсак, бийчи Бакыт Макеев буга чейин модель Асхат Осмонов менен чырдашып беттешке чакырган. Жыйынтыгында бийчи жеңип, эки жигит дос болуп калышканын айтышкан. Интернет колдонуучулары Бакыттын бул кылыгын дагы бир хайп жаратуу үчүн кылып жатканын жазышууда. Бул канчалык калп же чын экенин билбейбиз. Бирок маалымат жыйынга чагылдыруу максатында атайын чакырылган SUPER.KG порталы репортаж даярдап келди. Анда ырчы бийчини бетке чаап жибергенин жана Бакыт Макеев Кудайберди Айтбосуновго "Жашооңдун акыркы күндөрү менен ырахат алып ал" дегенин көрүүгө болот.

Ырчы менен бийчинин беттешине 300 миң сом байге коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Erlan_95
2021-04-13 19:15:07
Шоумены))))).
+6
Rashingo
2021-04-13 19:15:44
Койгулачы ушуларды андан башка проблема толтура.Бакыт озун укмуш сезип алыптырго,бир куну чыгат го жели
+8
Urmat78
2021-04-13 19:19:47
Эркекке окшогулачы урушкунар келсе эл жок ээн жерге барып мушташкыла эркекче
+11
Kubanychbek9898
2021-04-13 19:20:36
Атын чыкпаса жер ортто деп ушуну айт.
+5
Jacob.
2021-04-13 19:22:08
Оздорун ЮФСшник сезип алышкандарын тим эле...
+9
bond02
2021-04-13 19:48:20
Эркек деген темирди ысыгында басат, силер чырдашкандан бери канча кун отту.
+10
Dastanali
2021-04-13 20:35:33
Уят да орозонун күнүндө 2 адамды элдештирбей, просмотр, шоу үчүн акча жасап.
+8
aliya-leyla
2021-04-13 21:05:18
базардыга арылдак, урушчаак аялдардай болуп эми бул жигиттерге не болгон
+3
Egizderim-baktim
2021-04-14 04:03:55
aliya-leyla,базардагы аялдар тирилик учун жан таталашып бироо м урушуп бири м достошот, ал буларчы лолулордой болушуп. Кудайберди атынызга затыныз жарашкан мырза болунуз.
+1
Asmat84
2021-04-14 09:05:01
Эркек деген айткан сөзүнө туруш керек ошон үчүн эркек деген атка татыктуу болот. Күнөө тиги бийчиден кетиптир. Себеби Кудайберди Айтбосунов ага заказ берсе макул болуп кийинчерээк бийчи отказ бериптир бул туура эмес да ким көбүрөөк акча берсе ошого бир жерин такай берүү дегендик деп түшүнөм. Орустар айтмакчы договор дороже деньги дейт го уят эле бийчи кыз. Канат сен да өтө начар адам экенсиң экөөнү элдештиргендин ордуна уруштуруп атасың
+3
amirrus
2021-04-14 12:34:01
Биздин маалда жекеме жеке урушуп кеткен маалда дароо эле болчу,катындардай ушак кууп,анан акча коюп шоу кыласынар педиктер...Асылдыбы дароо порсун бер,алын жетбейби секирбе кыс...
+2
rahat73.
2021-05-27 21:07:02
Бакыт копкончулугун макулдашып коюп анан Ким коп берсе деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан