"Олимпиадада коло уткан". Кыргыз балбаны күчтүү делинген атаандашы килемге чыкпагандыгына байланыштуу коло байге үчүн күрөшөт

Бүгүн, 13-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.

Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 63 килограмм салмакта катышкан Урмат Аматов алгачкы беттешинде ирандык балбанга 5:0 эсеби менен жеңилип калган. Мындан улам коло байге үчүн жубатуучу беттешке (утешительный) күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, ал жактан өзбекстандык күчтүү делинген Элмурат Тасмурадов менен кез келмек.

Бирок өзбек балбаны белгисиз себептерден улам килемге чыккан жок. Мындан улам кыргыз балбаны автоматтык түрдө коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

29 жаштагы Элмурат Тасмурадов 5 жолу Азия жана 3 жолу дүйнө чемпиону аталган. Мындан тышкары ал "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан