Ош облусунун Араван районунда жолдун четинде кетип бара жаткан кызды жеңил унаа сүзүп кеткени кабарланган. Аталган кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады.
12-апрель күнү саат 11:30 чамасында Юсупов айыл аймагынын Султанов көчөсүндө белгисиз жаран ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасы менен кетип бара жатып, жолдун четинде токтоп турган Хюндай-Портер унаасын сүзүп кеткен.
Натыйжада жолдо бара жаткан жөө жүргүнчү Пахта-Абад айылынын 26 жаштагы тургуну жогоруда айтылган унаалардын ортосунда калып, денесинен жаракат алган. Ал Араван райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.