Бүгүн, 13-апрелде Нарын шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо уткан Эрназар Акматалиевди тосуп алуу аземи өттү. Маалыматты Нарын шаардык мэриясынан кабарлашты.
Кичи мекенине келген Эрназар Акматалиевди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын районунун акими Алтынбек Сенирбаев баштаган балбандын айылдаштары салтанаттуу тосуп алышкан.
"Мекенине сыймык алып келген балбанды тосуп алуу иш-чарасын ачкан вице-мэр Эрназар Акматалиев Нарын шаарындагы Сүйүнбек Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу экендигин айтып, эл аралык мелдештерде намыс коргоп келе жаткандыгын белгилеп, алдыдагы Олимпиадада ийгилик жаратууну каалап, балбанга 50 миң сомдун сертификатын, ал эми машыктыруучусу Талант Сыдыкбековго 20 миң сомдун сертификатын тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.
Эрназар Акматалиев Олимпиадага жолдомону Алматы шаарында өткөн турнирде утуп алган.
Ал Нарын районунун Орто-Нура айылында 1998-жылы төрөлүп, Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте окуп, спорттогу карьерасын Сүйүнбек Бекмамбетов атындагы спорт мектебинде машыгуу менен баштаган.