
Ош шаарында үйгө меш оңдогону келген жаран белгисиз адамдар тарабынан сабалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну 5-апрель күнү арыз менен кайрылган. Арызда Ош шаарынын Амир-Темир көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин мешин оӊдоп жаткан учурда белгисиз адамдар келип, токмоктоп кеткендиги жазылган.
"Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, жабырлануучу 1990-жылы туулган Н.Ж. досунун суранычы боюнча аталган үйгө 4-апрель күнү барып, мешти оңдоп жаткан. Ошол убакта белгисиз 5 адам келип "сен үй ээсинин аялына келдиӊ" деп анын колу-бутун байлап, көптөп сабашкан. Жабырлануучу айдап келген унаасынын дөңгөлөгүнүн желин чыгарып, номерин чечип алышкан. Ошондой эле уюлдук телефонун тартып алышкан. Аны сабап жатканда өз алдынча суракка алып, телефонго тартышкан. Жабырлануучу алардан качып кутулган.
Учурда бул факты боюнча "бейбаштык" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул кылмышка шектүү катары беш жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүлөрдүн бардыгы үй ээсинин коӊшулары.
Жабырлануучунун жаратынын оор-жеӊилин билүү максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.